03:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Парламентте Адахан Мадумаровдун уулун кармагандарды жоопко тартуу талабы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун уулун ИИМдин атайын бөлүгү атасы менен кармап кетип, үч саат Башкы тергөө башкармалыгында кармашкан. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков 13 жашар баланы кармоо боюнча буйрук бергендерди жана аны аткаргандарды жоопко тартууну талап кылды.

Ал балдардын укугу эл аралык конвенция менен корголорун эскертип өттү.

«Бала үчүн эң күчтүү каарман — атасы. Уулунун көзүнчө атасына күч колдонуп, кармоо менен баланын психикасын буздуңар», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго каршы «Мамлекетке чыккынчылык» айыбы менен иш козголуп, ал УКМКнын абагына эки айга камалды.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы депутаттын ишин акыйкат кароону талап кылып, анын кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар