06:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Клоопту жоюу боюнча соттук териштирүү качан башталары белгилүү болду

Kloop Media коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы сотто качан каралары белгилүү болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, арызды кароо 26-сентябрда башталат.

Эске салсак, 28-августта Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманнапов коомдук фондду жоюу боюнча сотко доо арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Анда "жарыялоолордун көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн жаманатты кылууга багытталган терс мүнөздө", "Kloop Media чыгарган материалдарда коомго чындыкка дал келбеген терс процесстер таңууланып жаткан жашыруун манипуляциялар камтылып, азыркы бийликтин баштаган ар бир аракетине каршы оппозиция түзүп жатышат” деп көрсөтүлгөн.

Прокуратура ошондой эле коомдук фондду ири суммадагы каражатты жашырып жатат деп айыптоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар