Жогорку Кеңештин жыйынында Равшанбек Рысбаев ант берип, ишке киришти.
Ал Көк-Жар айылдык округунан Өмүрбек Бакировдун ордуна келген.
Белгилей кетсек, Жогорку сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланган Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта аны Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка алып кетишкен.