03:44
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ТИМдин башчысы россиялыктарга жапырт кыргыз жарандыгынын берилишин түшүндүрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялыктарга жапырт кыргыз жарандыгынын берилүүсү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал DW телеканалына берген интервьюсунда айтты.

Алып баруучу Кыргызстандын жарандыгы жапырт берилип жаткандыгын жана алардын арасында белгилүү саясатчылар, бизнесмендер, алардын үй бүлөлөрү бар экендигин белгиледи.

Жээнбек Кулубаев көптөр Кыргызстанга кайтып жаткандыгын билдирди. Алар кайсы бир мезгилде Орусияда жашап, ошол жактын паспортун алган биздин орус тилдүү жарандар экенин түшүндүрдү. Россияда мобилизация башталгандан кийин алар мекенине кайтып жатышат.

«Мүмкүн кимдир бирөөнүн туугандары же карыган ата-энеси бар. Көптөр тапшырышат. Биз аларга бербей кое албайбыз. Сиз айтып жаткан саясатчылар бир-экөө эле. Алар бул жакта бизнес ачып жатышат, алардын бул жерде туугандары бар. Биз эркин өлкөбүз. Орус болгондугу үчүн эле жарандык бербей койбойбуз. Эгер Кыргызстандын жараны болгусу келсе эмне үчүн болбосун?», — деди министр.

Мындан тышкары, ал Кырызстандын жети миллион калкы бар экенин жана масштабдуу долбоорлор үчүн жумушчу күчү жетишпей жатканын кошумчалады. Ошондуктан Кыргызстан жарандык алгысы келгендерге аны берерин айтты.

Эске салсак, буга чейин президенттин администрациясы Кыргызстандын жарандыгын алгандар тууралуу жарлыктарды жашырганы белгилүү болгон. The Moscow Times басылмасы Орусиянын белгилүү саясатчылары жана ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алганын 25-мартта кабарлаган. Басылма президенттин 2022-жылдын 26-декбрынан № 359 жарлыгына шилтеме берген. Резонанс жараткан жарыялоодон кийин кыргыз бийлиги бул тууралуу маалыматтарды жашырган. Бирок Орусиянын жарандарынын кыргыз паспортун жапырт алышы уланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар