21:07
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Баткенде күйөөсү аялынын кулагынын тарсылдагын жара чапкан

Баткен облусунун тургуну аялынын кулагынын тарсылдагын жара чапкан. Бул иш боюнча райондук сот чечим чыгарды.

Окуя 5 июлда Кара-Бак айылында болгон.

Сот материалына ылайык, 31 жаштагы аял күйөөсүнө кургатылган өрүктөрдү сатып, карызды төлөөнү сунуштаган. Муну уккандан кийин жолдошу жубайын башына жана далысына уруп жиберген.
Сотто ал күнөөсүн мойнуна албай, аялын урбаганын билдирген.

Жабырлануучу кулагы укпай калганын жана оорукандан ага кулагынын тарсылдагы жарылып калган деген диагноз коюшканын айтты.

Сот жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси («Ден соолукка жеңил залал келтирүү») боюнча күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айып пул салды.

Эң көп окулган жаңылыктар