17:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Вечерний Бишкек» Kaktus.mediaдан талап кылган доонун жүйөөсүн түшүндүргөн жок

Бишкек шаардык сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы аппелиция карала баштады.

Сот кандай жүйөө менен 25 миллион сомдук доо коюлганын сурады.

«Биз муну адилеттүү деп таптык», — деди гезиттин башкы директору Жылкыайдар Жумабеков.

Башка сот чындыгында эле гезиттин чыкпай калганын жана басылманын карызы бар же жок экендигин сурады.

Доогер гезит чыкпай калганын ырастады, бирок интернет версиясы иштеп жатканын кошумчалады. Ал басылманын мүлкү камакка алынганын, ал эми кирешеси карызды жабууга жумшалып жатканын белгиледи. Сот жана айыпталуучулардын адвокаттары Kaktus.media жарыялаган материалдан кийин ЖАКтын кадыр-баркына доо кеткендиги жөнүндө далилдерди көрсөтүүнү айткан. Бирок Жылкыайдар Жумабеков 50 миллион сом доонун жүйөөсүн түшүндүрүп бербегендей эле, бул суроого да жооп бере алган жок.

Мындан тышкары, сот отурумунда айыпталуучулардын адвокаттары юридикалык жак моралдык зыян тартпай турганын эскертишти.

«Кантип имарат жана уюм ооруну жана азапты сезе алат? Бир да жолу, бир дагы отурумда жетекчи контракт түрүндө далилдерди келтирген эмес. Биз доо арызды канааттандыруудан баш тартууну суранабыз», — деп кошумчалады адвокат.

Сот доогерге зыян тартуу боюнча чечимдерди жана документтерди берүү талабы менен кайрылды.

Эске салсак, «Вечерний Бишкектин» жабылышы жана кызматкерлердин жумуштан кетүүсү тууралуу материал сайтка чыккандан кийин гезит сотко кайрылган.

Доо арыздын өлчөмү 50 миллион сомду түзөт.

Анын 25 миллион сомун журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана сайттын негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылып жатат. Калган 25 миллион сомду сайттын өзүнөн өндүрүүнү көздөөдө.

«Вечерний Бишкек» макалада гезиттин жабылышы жана банкрот болгондугу тууралуу туура эмес маалыматтар берилген деп эсептейт. Ошондой эле, компания сайттан ал маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар