Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-21-ноябрга белгиленди. Ал «улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү чаралары жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө» президенттин жарлыгынын негизинде өткөрүлүүдө.
Кинофестивалдын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эл аралык кино конкурсу;
- улуттук тасмалар сынагы;
- атайын көрсөтүүлөр;
- кинодолбоорлордун презентациясы
Жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык, Бишкек мэриясынын, Эл аралык кинопресса федерациясынын , Азия киносун жайылтуу тармагынын жана КРдин кинематографисттер союзунун сыйлыктары тапшырылат.