Кыргызстандын бийлиги Казакстан менен чек арадагы эки өткөрүү бекетинде 500гө жакын оор жүк ташуучу унаа тыгында турганын билдирди. Жүк ташуучу унаалар коңшу мамлекетке кире албай жатышат. Эки тарап тең чек арада эч кандай чектөө жок, иш кадимкидей жүрүп жатканын бидиришти. Бирок мурдагыдай эле жөнөкөй айдоочулар жабыркап жатышат.
24.kgнин журналисти ал жерде эмне болуп жатканын билүү үчүн көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.
Жекшемби күнү чек арада бир нече километрлерге созулган тыгын пайда боло баштаган. Айдоочулар машинеде түнөп, кезекте турууга мажбур болушууда. Унааларда тез бузулуучу товарлар дагы бар.
«Ак-Тилектин» кире беришинде эле фуралардын узун кезегин көрүүгө болот. Жай мезгилинде мындай көрүнүш мезгил-мезгили менен болуп турат. Бирок бул жолу унаалар алда канча көп, оор жүк ташуучу унаалар айланма жолдун түштүк тарабында (бекетке карама-каршы) да тизилген. Ондогон жүк ташуучу унаалар алыстан көрүнүп турат.
Тыгындын узундугу болжол менен үч километрге созулуп, бардык жолдо фуралар толуп, калган унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаралып жатат. Ал жерде болгон 30 мүнөттүн ичинде бир дагы транспорт бир санитиметрге дагы жылган жок.
Ушул жерде эле 350гө жакын жүк ташуучу унааны саноого болот.
«Кең-Булуң» өткөрүү пунктунун жанындагы абал дагы жакшы эмес. Айланма жолдо 200дөн ашык фуралар тизилип, өз кезегин күтүшүүдө. Алардын көбү кечээтен баштап турат.
Кыргызстандын Чек ара кызматы эч кандай чектөө киргизген эмес жана өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын бийлиги да чек арада чектөөлөр жок экенин билдирди. Ал эми кечээ алар баңгизатка каршы операция жасалып жатканын айтышкан.
Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинин алдында жардам чатырлары тигилди.
Ал жерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду. Бирок тыгындан улам ал жерге жетүүгө мүмкүн болгон жок.
Мындай узун тыгындардын себеби эмне экени белгисиз. Буга чейин Казакстан Киров суу сактагычынан 18-июлдан 31-июлга чейин сууну 45,0 куб метрге чейин көбөйтүүнү суранган. Кыргызстан коңшу өлкө алдында суу боюнча бардык милдеттенмелерин аткарганын билдирди. Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев казак тараптын Кыргызстанга эч кандай дооматы жок экенин айтты.
Ал ошондой эле Кыргызстан тарап сууну бууп салды деген маалыматты четке какты. «Бул чындыкка дал келбейт. Суу жок болсо эмнени жабабыз», — деди ал.