01:00
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Казакстандын бийлиги чек арадагы кезектин себебин түшүндүрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалардын тыгынына Улуттук коопсуздук комитети жүргүзүп жаткан баңгизатка каршы операция себеп болгон. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев билдирди.

Анын айтымында, ал жерде бажы жок, бул ЕАЭБдин ички чек арасы. «Менин билишимче, баңги заттарды аныктоо боюнча операция болгон, ошондуктан азыр чек ара кызматы жана улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатат», — деди ал.

Финансы министри «коммерциялык жүктөргө байланыштуу эч кандай чектөөлөр болгон эмес» деп кошумчалады.

Эске салсак, «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинин алдында Кыргызстандан чыгууга кезекте 430га жакын унаа турат.

Өткөн сутка ичинде Казакстандан Кыргызстанга 274 автоунаа кирген.

Кыргызстан эч кандай чектөө киргизген жок жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар