«Ак-Тилек» өткөрүү бекетинин алдында тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал жерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүап, ысык тамак уюштурулду. Мындай тапшырмалар ыйгарым укуктуу өкүл Канат Жумагазиев тарабынан облустук түзүмдүк бөлүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына президенттин администрациясынын тапшырмасын жана министрлер кабинетинин төрагасынын көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн берилген.
Жардам берүү пункттарында Чүй облусунун жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны өткөрүлдү. Канат Жумагазиев аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди. Мындан тышкары, учурда жол коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлүп, тез бузулуучу товарларды өткөрүүгө шарттар түзүлүүдө.
Эске салсак, «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинин алдында Кыргызстандан чыгууга кезекте 430га жакын унаа турат.
Өткөн сутка ичинде Казакстандан Кыргызстанга 274 автоунаа кирген.
Кыргызстан эч кандай чектөө киргизген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат. Казакстандын бийлиги баңгизатка каршы операция жүргүзүп жатканын билдирди.