УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдө пара берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, паранын суммасы 125 миң сомду түзөт.
«Эки кызматкер тең Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагындагы жеке турак үйлөрдү курууга мыйзамсыз жер тилкелерин берүү фактысы боюнча шектүү катары өтүп жатышкан. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп билдиришти мекемеден.