16:35
USD 86.80
EUR 91.27
RUB 0.81

Орто-Сай базарынын соодагерлери таштанды чыгаруу үчүн төлөбөй, түндө ыргытышууда

Орто-Сай базарында соодагерлер таштанды алып кетүүгө акча төлөбөш үчүн аны түнкүсүн ыргытышууда. Видеону Instagram социалдык баракчасына «Тазалык» муниципалдык ишканасы жарыялаган.

Саат 01.00дөн кийин чоң мүшөк таштандыларды араба менен алып келип, контейнерлерге ыргытып жатканышдыгы камерага түшүп калган.

"Орто-Сай базарындагы соодагерлер "Тазалык"муниципалдык ишканасы менен келишим түзүшү керек. Бирок алар ар кандай шылтоолор менен келишим түзүүдөн качып, жашоочулар төкчү контейнерлерге ыргытып жатышат. Натыйжада район тургундарына ыңгайсыздык жаралып," Тазалыкка" материалдык зыян келтирилүүдө, — деп билдиришти ишканадан.

Мындан тышкары, базардагы таштандылар үчүн атайын жер бөлүнгөн, ал эми видеодогу контейнерлер тургундар үчүн орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-ноябрь, бейшемби