20:54
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Жогорку Кеңеш порнографияны тараткандарды эркинен ажыратууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.

Анда электрондук же маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернетти колдонуу менен порнографиялык материалдарды жайылтууга каршы натыйжалуу күрөшүү керектиги айтылат.

Демилгечи Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин азыркы редакциясында порнороликтерди жана сүрөттөрдү жайылтуу же жарнамалоо жолдору ачык көрсөтүлгөн эмес деп эсептейт.

Сойкукананы уюштуруу жана кармоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, бирок порнографиялык мүнөздөгү материалдарды таратуу менен алектенгендерди жазалоо жөнүндө норма жок.

Нурбек Сыдыгалиев тыюу салынган контентти жайылтуу жана сатуу үчүн социалдык тармактар жана смартфондордогу мобилдик тиркемелер колдонулуп жатканын белгиледи.

Ал бул каналдарды уюштуруп, порнографияны жайылткандарды үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштайт.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин азыркы редакциясында айып пул же белгилүү кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу же белгилүү бир иш менен үч жылдан беш жылга чейин алектенүүгө тыйуу салуу жана коомдук жумуштарга тартуу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар