Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жөнөкөй рейс менен учуп барган. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» улуттук телеканалы даярдаган материалда айтылат.
Видеодо Садыр Жапаров менен бирге эконом-класс менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы учканын көрүүгө болот.
«Садыр Жапаров жөнөкөй учакта эл менен люкс жана ыңгайлуу шарттарсыз Жалал-Абадка учкан. Эч ким президент менен бир учакта отурууну күтпөсө керек», — деп журналист комментарий берген.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров чет өлкөгө иш сапарларына менчик учак менен учуп барып келет. Ал 20-сентябрда АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен учкан. Кышында Катарга Embraer Legacy 600 учагы менен барган. 16-мартта Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясынын Embraer Lineage 1000 учагы аркылуу жеткен. Маалыматка караганда, бул учакта учуунун бир сааты 14 миң 850 доллар турат.
Коомчулук президенттин иш сапарларына кеткен чыгымдарды сындап келет.