03:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Пропаганданын барымтасында. Репрессивдүү мыйзам долбоорлоруна каршылык

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Конституциясына, эл аралык нормаларга каршы келген «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жана «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоорлорун карап чыгууга үлгүрбөй, жайкы каникулга таркап кетишти. Эми мыйзам долбоор 1-сентябрдан кийин каралышы мүмкүн.

Бийлик бул репрессивдүү демилгелерден биротоло баш тартты деп айтуу кыйын. Болгону алардын кароо мөөнөтү кийинкиге жылдырылды.

Активисттердин айтымында, мыйзам долбоорлору коомдогу катуу каршылык тапса, балким бийлик аны кайтарып алмак. Бирок кыргыз коомчулугу демилгеге карата пикирин активдүү билдере алган жок.

Бийликтен жооп болбоду

Бул мыйзам долбоорлору коомдо талкууланып, кайра иштелип чыгып жатканда серепчилер, жарандык активисттер, укук коргоочулар бир нече жолу бийлик өкүлдөрүнө сунуш жолдоп, кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылышты. Бирок жооп болгон жок.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын дагы президенттик администрация эске албады. Ал эми «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоордун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова сүйлөшүүдөн, демилгесин талкуугоо алуудан дагы баш тартты.

Мыйзам долбоорлордун ортого алып биргеликте иштеп чыгуу аракети ишке ашпагандан кийин IPI жана анын өнөктөш уюмдары билдирүү жасап, бийлик коомчулуктун үнүн укпай жатканына айыптады.

Бирок, бийликке жолдонгон бир дагы катка жооп берилбеди.

Талдоочулар, мындай мыйзам долбоорлору коомдогу прогрессивдүү ой-пикирлерди, сын көз-караштарды басынтууга, куугунтуктоого жана өлкөнү авторитардык башкарууга алып келерин айтышат.

««Чет элдик тыңчы» жөнүндөгү орус мыйзамы колдоо таап жатканы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда Грузияда бул долбоорго каршы чыгышса, Кыргызстанда ал парламентке сунушталууда. Аны менен бирге Жогорку Кеңеш «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы кароодо. Ал кабыл алына турган болсо өлкөдө көз карандысыз журналистика жоголот», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бул мыйзам долбоорунун коомдо кызуу талкуу жаратпагандыгы бир нече суроо жаратат: Мыйзам долбоорлорунун авторлору айткан 30 миң бейөкмөт уюму каякта? Алар эмнеге пикирин билдирбейт? Неге коомчулук демилгеге каршылык көрсөтпөйт?

Юрист Искендер Какеевдин айтымында, коомчулук дароо эле моюн сунуп берди деп эсептөө туура эмес.

«Жарандык каршылык күчтүү болбосо дагы ал болду. Мыйзам долбоорун сындагандардын дароо биригип, аларды өзгөртүүгө сунуш киргизгени дагы мактоого арзыйт. Алардын аракети менен демилге көпчүлүктү ойлонууга түртөт», — дейт ал.

Бейөкмөт уюмдар менен медиа биригишти. Бирок, көпчүлүк дагы эле мыйзам долбоор бир гана бейөкмөт уюм менен журналисттерди гана эмес, аларга дагы таасири тийерин түшүнбөй жатат.

Искендер Какеев

Кыргызстанда аталган долбоорлорго Грузиядагыдай каршылык болгон жок. Элдер массалык түрдө оюн билдирип чыкпагандыгынын себеби — жакырчылык жана коррупция.

«Бирок унчукпай коюу туура эмес. Канчалык каршы пикир көп болсо, бийликтин чечимин кайра карап чыгуусуна мүмкүнчүлүк көбөйөт», — дейт Искендер Какеев.

Кысым, куугунтуктоо

Аналитик Нурсултан Акылбекдин пикиринде, аткаминерлер өздөрүнө каршы иш алып барууда.

«Медианы куугунтуктоо менен бийлик аны радикалдаштырып, салттуу редакциялардын өз алдынча, эркин иштөөсүнө алып келет. Анда алар негизги принциптерге таянбай иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Коммерциялык уюмдар дагы ишин жабык алып барууга өтөт. Менимче, өлкө башчысынын айланасындагы адамдар тобокелдиктерди көрө алышпайт. Ошондуктан бийлик мурдакы жетекчилер кылган катарларды кайталап жатат», — дейт ал.

Мындай мыйзамдардан жапа чеккен медиа менен жарандык коомду билбейм. Бирок мындай демилгелер бийликтин өзүнө сокку урган мисалдар бар.

Нурсултан Акылбек. .

Аналитик Наргиза Мураталиеванын пикиринде, кыргыз коомчулугу митинг-пикеттерден чарчады. Андыктан азырынча катуу каршылык көрсөтө албай жатат.

«Бул жерде бейөкмөт уюмдарга жалаа жаап, аларды Кыргызстандагы баардык жамандыктарга айыптоо дагы роль ойноду. Элдин көпчүлүгү мыйзам долбоорун жана анын кесепеттерин толук түшүнбөйт. Бийлик үчүн «үчүнчү күч» катары сөөмөй кезеп, айыптын баарын ага шылтоо пайдалуу», — дейт ал.

Оппозицияны карата күчөгөн куугунтук дагы жарандык коомдун жалпы маанайына таасирин берди. Коомчулук каршы чыгуудан чарчап турат.

Наргиза Мураталиева

Попраганда баарын колго алганда

Кыргызстандын калкынын медиасабаттуулугу жогору болбогондуктан ал бейөкмөт уюмдар жана медиага карата жүргүзүлгөн каралоого ишенип, пропаганданын барымтасында калды.

Бийликчил медиа жана троллдордун фабрикасы социалдык тармак аркылуу орус пропагандисттеринин ыкмасын активдүү колдонууда.

Алар бейөкмөт уюмдарга, активисттерге жана эркин ЖМКга «грантжегичтер», «бузукулар» деп көө жаап келишет. Сын-пикир айткандарды, ЛГБТны колдоого айыптап, алар кыргыздын салт-санаасын, улуттук балуулуктарын бузуу максатын көздөгөнүн белгилешет.

Мында мамлекеттик телеканалдар башкы ролду ойноп жатат. Анткени, кыргыз коомчулугунун маалыматты териштирип, иргеп кабыл алуу жөндөмү төмөн. Бийликчил ТВ каналдар дагы эле негизги маалымат булагы бойдон калууда.