16:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мыйзамдарда колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү иштелип чыгат

Жогорку Кеңеште мыйзамдарда колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун алгачкы жыйналышы болду. 

Ал Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин жетекчилиги алдында өттү.

Анын айтымында, демилгенин максаты мыйзамдарда колдонулган терминдердин түшүндүрмөлөрүн иретке келтирүү болуп саналат.  

«Азыркы кезде сырттан келген бир топ эл аралык жаңы терминдер пайда болду. Анын түшүндүрмөсүн так билбей туруп, ар кандай мааниде колдонуп келе жатабыз.  Бул демилгенин негизги максаты өлкөнүн ченемдик укуктук актыларын колдонууда орун алган терминдердеги баш алмандыктарды  жоюу, аларды бирдиктүү системага салып, мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык колдонууга жетишүү болуп саналат», - деди Нурланбек Азыгалиев. 

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Жогорку Кеңештин демилгеси мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизерин белгиледи. «Эгерде биз ушул маселелерге эгемендик жылдарынан бери көңул бурсак жакшы болмок. Ошентсе да, Жогорку Кеңеш тарабынан өз учурунда көтөрүлүп жаткан демилге үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биргелешип иш алып барып, жетиштүү натыйжа көрсөтөбүз деген ниеттемин», - деди ал. 

Ошондой эле юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү иштелип чыгат. 

Эң көп окулган жаңылыктар