16:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мурдагы депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болду

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Алайбек Алымбаев

Алайбек Алымбаев 1980-жылы туулган. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Кыргызстандын президентине караштуу башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган.

Жогорку Кеңешинин депутатынын референти, Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын улук консультанты, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары «Республика - Ата-Журт» фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаты.

Ал эми 2022-жылдын ноябрь айынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Эң көп окулган жаңылыктар