16:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши боюнча комиссия түздү

Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Парламенттин спикери Нурланбек Шакиевдин айтымында, Жогорку Кеңешке башкы прокурордон сунуш түшкөн. Курманкул Зулушев депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү өтүндү. Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» каралган кылмышка шектелүүдө.

Комиссиянын курамына депутат Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов жана Султанбай Айжигитов кирди.

Эске салсак, 2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча кылмыш ишин оң жагына чечүү үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. Жабырлануучу Эмир Эмилканов айыпталуучуларга карата доосунан баш тарткан. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору эки фигурантты тең кылмыштын курамы жок болгону үчүн актаган.

2022-жылдын 6-декабрында Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. УКМК 26-декабрда пресс-релиз таратып, депутатка издөө жарыяланганын билдирген. Кийин ал атасын кароо үчүн акы төлөнбөгөн өргүү алганы белгилүү болгон. Натыйжада, 2023-жылдын январында Жогорку сот ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар