USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Депутат балдарын карабаган чиновниктерди жумуштан кетирүүнү сунуштады

13:09, 11 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдарын карабаган чиновниктерди кызматтан алууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлдөрү биринчи окууда Тазабек Икрамовдун мыйзам долбоорун карап жатышат. Анда ата-энесин карабай, карылар үйүнө таштап койгон учурда балдарына 100 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Демилгечи ошондой эле ата-энесин карабагандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштоодо.

Мындан тышкары, Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган мамлекеттик кызматкерлерге карата жазаны күчөтүүнү сунуштады.

«Балдарын гана эмес, ата-энесин да карабагандарды мамлекеттик кызматтан бошотуу керек. Балдарды таштабаш керек», — деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика