11:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москва шаарынын аэропортунда өзбек жаранынын ич кийиминен бриллиант табылды

Внуков аэропортунда бажы кызматкерлери жүргүнчүнүн ич кийиминен 60 бриллианттан турган контрабанда табышты. Бул тууралуу РФнын Федералдык бажы кызматы билдирди.

Ага ылайык, инспекторлор Москвага Араб Эмираттарынан учуп келген өзбек жаранын «жашыл коридордо» текшеришкен.

Алгач анын жүктөрүнөн Apple, Samsung, Sony фирмаларынын 13 продукциясы жана алыс таштардын 40 сертификаты табылган.

Жүргүнчү анда баалуу таштардын жок экендигин айтып, өз эрки менен берүүдөн баш тарткан. Бирок жеке текшерүүдөн кийин ич кийиминен 62 ири бриллиант жана майда таштар менен баштыкчалар чыккан.
Жаран БАЭде ири авиакомпанияда иштерин, ал эми Москвага туугандарына келгенин билдирген. Анын айтымында, жакындарына алган «белектердин» баасы 1,5 миллион рублдан жогору эмес болгон, бирок ФБК бриллианттарды 5 миллионго баалаган.

Бажы кызматкерлери контрабанда боюнча иш козгоп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу тууралуу иш баштоо чечимин карашууда.

Жүргүнчү тергөө абагына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар