23-июлда Тажикстандын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда тажик тарап жоокери куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдашкан. Жаракат алгандар болгон эмес.
Чек ара кызматы ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешүү болгонун маалымдайт.
«Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.
2023-жылдын 24-июлуна карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.