07:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Душанбе Ага Хан университети курулган жерди кайтарып берүүнү талап кылды

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдогу Борбор Азия университети курулган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды.

Бул жерди 1990-жылдардын аягында Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы (AKDN) сатып алган. Тажик бийлиги сатып алуу жараяны толугу менен мыйзамдуу болгон эмес деген пикирин айтууда.

Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.

Хорогдун эки тургуну «Озоди» радиосуна 1990-жылдардын соңунда Ага Хан фонду алардын үйлөрүн жер тилкелери менен кошо 70-75 миң долларга сатып алганын жашыруун айтып, Фондго эч кандай доосу жок экенин билдиришти. Журналисттердин жергиликтүү бийлик менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялаган. Өткөн айда Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Андан мурда Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар