10:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркмөнстанда ун үчүн чыккан мушташта бир аял каза болду

Түркмөнстандын Дашөгүз облусуна караштуу Гөроглы районунда жеңилдетилген ун үчүн кезекте турган аял мушташтан каза болду. Окуяга байланыштуу мамлекеттик дүкөндүн сатуучусу камакка алынды.

Бул тууралуу 18-июлда «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы аймактагы кабарчысы менен өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-июлда район борборунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан айылда болгон.

«Өткөн жума күнү Гёроглыда абанын күндүзгү температурасы көлөкөдө 44 градустан жогору көтөрүлгөн. Дүкөндүн алдына 300дөй адам чогулуп, 3 айдан бери ала албай келген ундун берилишин күтүп турушкан. Дүкөндүн жанында эч кандай көлөкө жок, эл кайнаган күндүн астында саат төрткө чейин күтүп турушту», — деди кырдаалдан кабардар булак.

Сатуучу алып келген ун абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айтканда кезекте тургандар дүкөнгө жабалактап чуркашкан. Кезек сакталбай, натыйжада мушташ чыккан. Жыйынтыгында алты баланын энеси ун талаштын курмандыгы болгон. Мушташ учурунда аял тепкичтен жыгылып, анын бурчуна башы менен катуу тийген. Ал алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Соңку убактарда Түркмөнстандын ар кайсы аймактарынан айына бир жолу киши башына 5 килограммдан бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон ун бир нече айга кечигип келип жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Айрым учурларда тургундарга 5 килограммдын ордуна 1 килограммдан гана ун берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар