23:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эл аралык эксперттер бажы чөйрөсүндөгү санариптик трансформацияны талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында «Бажы чөйрөсүндөгү санариптик трансформация: көйгөйлөр жана перспективалар» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Сингапур, Түркия, Өзбекстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Казахстан, Литва, Израил жана Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттердин бажы органдарынын өкүлдөрү, соода жол-жобосун жеңилдетүү жаатындагы эл аралык эксперттер катышууда.

Иш-чаранын модераторлору жана пленардык сессиянын катышуучулары катары бажылык башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндө таанылган эл аралык эксперттер соода жол-жобосун жеңилдетүү боюнча 40тан ашык долбоорлорго, «Бирдиктүү терезе» системасын киргизүү жана бажыны санариптештирүү боюнча 20 долбоорго катышууда чоң практикалык тажрыйбасы бар Джоната КО, Грузиянын бажы кызматындагы реформаларды түздөн-түз жетектеген Грузиянын киреше кызматынын мурдагы башчысы Вахтанг Лашкарадзе, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму тарабынан сунушталган бажы кызматтарынын беш мыкты маалымат тутумунун биринин автору, Азербайжандын бажы тармагында санариптештирүү боюнча көптөгөн долбоорлордун автору Игбал Бабаев катышышат.

Конференция бажылык башкарууну санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган талкуу жана билим алмашуу аянтчасы болуп калды.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө бажы органдарынын ишинде машиналдык окутууну жана жасалма интеллектти колдонуу аркылуу тобокелдиктерди азайтуу маселелери талкууланат.

Өз кезегинде Мамлекеттик бажы кызматы бажылык башкарууну жакшыртууга жана соода жол-жоболорун жеңилдетүүгө багытталган маалыматтык чечимдерди көрсөттү.

Конференциянын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер бажы органдарына натыйжалуулукту жогорулатууга, процесстерди оптималдаштырууга жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар