USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Казакстанда Украинаны колдоо митингдерин өткөрүүгө уруксат берилген жок

09:31, 19 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Чымкент, Петропавл жана Семей шаарларынын акимчиликтери август айында Украинаны колдоо митингдерин өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу «Активисттер экстремисттер эмес» мониторинг тобу билдирди. Акцияларды «Алга, Казакстан!» кыймылы уюштуруп жаткан.

Чымкент акимчилиги баш тартууга активисттердин кабарламасында «так эмес маалымат» камтылганын шылтоо кылган.

Петропавлда пландалган жерлердин биринде башка иш-чара өтөрү, экинчисинде тынчтык жыйынын өткөрүүнүн эрежеси көрсөтүлбөгөнү айтылып, кабарлама кабыл алынган жок.

Семейде жана Карагандыда да аткаминерлер акция пландалган жерде мурда макулдашылган иш-чара белгиленгенин шылтоо кылышкан.

Эки күн мурун Астана, Алматы жана Көкшетау шаарларынын администрациялары Украинаны колдоо митингдерин өткөрүүгө макулдук берүүдөн баш тартышкан.

«Алга, Казакстан!» кыймылынын активисттери 5, 6, 12, 13, 19, 20, 26 жана 27-августта Украинаны колдоо максатында митингдерин өткөрүү ниети тууралуу кабарламаларды жергиликтүү администрацияларга тапшырышкан. Бийлик бир дагы датага макулдук берген жок.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага толук масштабда кол салгандан бери активисттер Казакстандын шаарларында согушка каршы митингдерди өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Бийлик баш тартап келет. 2022-жылдын март айында Алматы акимчилиги Украинаны колдгон митинг өткөрүүгө уруксат берип, ага миңдеген адам катышкан.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика