19:31
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Азаттык» медиага карата чектөөлөр алынып салынды

«Азаттык медиа» чоң коомдук талкуу жараткан, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
 
Өлкө башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Садыр Жапаров менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө «Азаттыктын» баардык баракчаларынан чек арадагы конфликт боюнча суроо жараткан материалын алып салуу сунуштаган. Бирок, анда медиа жетекчилиги баш тартып коюшкан.
 
Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык медианын» ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, «Азаттык медиага» карата чектөөлөр алынат.
 
«Бул, өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыйуу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек. Ар дайым айтып келгем жана дагы да айтам — сөз эркиндиги бизде болгон, бар жана болот. Ошону менен бирге, бардыгын улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырып кетем», — дейт Эрбол Султанбаев.
Эң көп окулган жаңылыктар