17:57
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сербия куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди

Сербия жарым-жартылай таанылган Косово Республикасы менен чек арасындагы куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Бул тууралуу Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич билдирди.

«Мындай чаралар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана бардык жарандарын коргоо, ошондой эле сербдерге каршы террордун алдын алуу боюнча Сербиянын куралдуу күчтөрү көрүп жаткан иш-аракеттерди эң жогорку деңгээлге көтөрөт», — деди министр.

Анын айтымында, өлкө президенти Александр Вучичтин буйругу менен Ички иштер министрлигинин айрым бөлүктөрү да күжүрмөн даярдыкка келтирилип, армиянын штаб башчысына өткөрүлүп берилди.

26-декабрда Косовонун бийлиги өз куралдуу күчтөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирген. Анда бул чечим Косовонун түндүгүндөгү жана Метохия аймагындагы сербдердин баррикадаларын алууга багытталганы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар