13:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казакстанда парламент тарады, мөөнөтүнөн мурун шайлоо 19-мартта өтөт

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы — мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды.

Бейшембиде күчүнө кирген буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин — маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду.

19-январда президент Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулады. Коңшу өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, мажилистин депутататтырынын 70% партиялык тизме менен, калганы 30% бир мандаттуу округдардан шайланат. Мажилисте 107 эл өкүлү бар.

Облустук жана республикалык маанидеги шаардык кеңештердин депутаттарынын 50% саясий партиялардан, 50% бир мандаттуу округдардан келет. Райондук жана облустук маанидеги шаарларда талапкерлер бир мандаттуу округдардан аттанат.

Казакстанды чейрек кылымдан ашуун бийлеген Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы ондогон жыл бою шайлоодон утуп чыгып, коңшу өлкөнүн саясатында үстөмдүк кылган башкаруучу күч болчу. Былтыркы кандуу январь окуяларынан кийин партиянын тизгини Токаевге тийип, саясий кеңеши өзгөрүп, экс-президенттин жакындары жаңы курамга киргизилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар