14-16-июлда Орусиянын кинолорунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.
Маалыматка караганда, орус тасмалары «Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүлөт.
«Родители строгого режима» (2022), «Чинк: Хвостатый детектив» (2022) жана «Гром: Трудное детство» (2023) тасмалары бекер көрсөтүлөт.