10:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кызамык жуктургандардын 19 пайызы эмдөөдөн өткөн

Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миң адам кызамык жуктурду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын 81 пайызы эмделген эмес, 19 пайызы эмдөөдөн өткөн.

Иммунопрофилактика республикалык борборунун айтымында, эмдөөдөн өткөндөрдөн 1-6 жаштагы балдар кызамык менен оорушат. Анткени алар вакцинанын экинчи дозасын ала элек.

Медиктер оорунун алдын-алуу үчүн кызамык каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат.

Эң көп окулган жаңылыктар