05:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Астанада издөөдө жүргөн орусиялык активист кармалды

Астанада тулалык активист Андрей Павлов кармалды. Бул тууралуу Казакстандагы орусиялыктарга колдоо көрсөтүү менен алектенген «Точка невозврата» долбоору билдирди.

Андрей Павлов мекенинде «Орусиянын армиясын кайрадан дискредитациялоо» беренеси менен айыпталып, ага издөө жарыяланган.

Астана шаардык полиция департаменти орус жаранынын кармалышы боюнча комментарий берген жок.

Укук коргоочулардын айтымында, Павлов болжол менен үч суткага камалды. Тергөө абагында ал саясий башпаанек сурап арыз жазганы кабарланууда.

Экинчи топтогу майып Андрей Павлов Казакстанга былтыр декабрда келген. 2022-жылы мартта ал орус армиясын дискредитациялаганы үчүн 40 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Сот өкүмүнө ылайык, активист курткасына Украинанын желегин жана «Путин stop war» деген жазууну чаптап жүргөн.

Август айында Павловго «Орусиянын куралдуу күчтөрүн кайрадан дискредитациялоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал «ВКонтакте» социалдык түйүнүнө Украинадагы согушту сындаган жети билдирүү жазып, июлда «Нет войне! No war! Ні війні!» деген жазуу менен пикетке чыккан. Бул иш декабрда сотко өтүп, 2023-жылы мартта Павловду камакка алуу чечими чыгып, ага федералдык издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар