Парламент II чакырылышта 222 мыйзам долбоор жана 1394 токтом кабыл алды. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев акыркы отурумда маалымдады.
Анын маалыматында, экинчи сессияда 75 жыйналыш өттү.
«Жалпы 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынды. Анын ичинен биринчи жолу конституциялык макамга ээ «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алууга жетиштик. Муну менен катар Башкы прокурордун, Эсеп палатасынын жана Улуттук банктын төрагаларынын отчеттору каралып, Акыйткатчынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жасаган иштери боюнча маалымат алдык», — деди.
Алты убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, иш алып барды.
«Бардык жыйындар ачык-айкын көрсөтүлүп, отурумдар түз эфирде чагылдырылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын 250дөй өкүлү туруктуу аккредитациядан өтүп, парламенттин ишмердүүлүгүн элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жогорку Кеңештин башкы максаттарынын бири эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, шайлоочулардын ишенимин актоо болгондуктан, жарандар менен да түздөн-түз иштөө жигердүү улантылды. Ар кандай жолугушуулар өтүп, депутаттар иш сапарлары менен аймактарга барып турушту. Ал эми тармактык комитеттердин көчмө жыйындары облус-райондордо байма-бай уюштурулду», — деди Нурланбек Шакиев.