USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Акылбек Жапаров депутаттарды чайга чакырды

13:26, 29 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча-1» резиденциясына кечки тамакка барышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров парламенттин сессиясы аяктаганына байланыштуу эл өкүлдөрүн чайга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент 2-сессиясын аяктап, 1-сентябрга чейин эс алууга жөнөйт. Эки айлык тыныгууну парламент расмий түрдө «аймактарда шайлоочулар менен иш алып баруу» деп атайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика