УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп элден акча доолагандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар Камчыбек Ташиевдин уулубуз деп өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.
УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып жана кылмыштуу максатта пайдаланган учурда кылмышкерлерге колдонуудагы мыйзамдар боюнча катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.

