05:25
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Тажикстанга барат

5-6-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанга расмий сапар менен барат. Орус дипломаты бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана президенит Эмомали Рахмон менен жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Душанбе Орусиянын тышкы иштер министри өлкөгө эки күндүк сапар менен келерин тастыктап, бирок башка кеңири маалымат берген жок.

Сергей Лавровдун Тажикстанга сапары Орусияда соңку эки аптадан бери полиция рейддерди жүргүзүп, Тажикстандын жарандарын кармап жаткан учурга туш келди. Күч органдары мигранттар жашаган жерлерге түнү же таң эрте келип, элди ойготуп, документтерин текшерип, суроо бере баштагандарды сабап, камап салышууда. Текшерүүлөр Москвада жана Москва облусунда гана эмес, Санкт-Петербургда, Амурдагы Комсомольск шаарында жана Орусиянын башка аймактарында да өттү.

Тажиктерге каршы кампания Лавровдун Тажикстанга сапары учурунда талкууланабы же жокпу айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар