13:54
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Садыр Жапаров: Тышкы карызды азыр төлөп салуу бизге пайдасыз

Кыргызстандын азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга кудурети жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап сала турган болсо кошумча пайыздар төлөөгө туура келет.

«Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат. Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык» — дейт президент.

Ал ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2022-жылы 7% болгонун белгиледи.

«Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан, тышкы карызды улам көтөрүп, паника кылып, талкуулабай эле койсоңуздар болот», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар