Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Марал Шараболотованын үйү бүттү.
Үйдү «Ас-Сафа» фонду 45 күндө тургузуп берген.
Белгилей кетсек, Марал Шаболотованын жер тилкесине тийиштүү документи болбогондуктан ал сотто жерге ээлик кылуу боюнча кагазы бар кошунасына утулуп калган. Соттун чечими менен анын үйү бузулган. Бул окуя коомдо кызуу талкуу жаратып, президент көчөдө калган үй-бүлөдөн өзү кабар алган. Садыр Жапаров менен жолугушууда соттон уткан жарандын дагы документтери мыйзамсыз экендиги, ал жерди трансформарциялоого мораторий жарыяланган кезде алынганы айтылган.