22:01
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун кармашы Алматада өтөт

26-апрелде Алмата шаарында Poddubny Wrestling League турнири өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Ага Кыргызстан, Албания, Болгария, Иран, Куба, Монголия, Россия жана башкалар өлкөлөрдөн балбандар катышат.

Турнирдин башкы беттеши — Роман Власов менен Акжол Махмудовдун күрөшү болот.

Белгилей кетсек, Роман Власов Акжол Махмудовду бир жыл мурун беттешке чакырган.

Андан сырткары, бир катар кыргыз балбандары орусиялык спортчулар менен күч сынашат. Жоломан Шаршенбеков жана Динислам Бамматов, Тайырбек Жумашбек менен Абасгаджи Магомедов, Үзүр Жузупбеков менен Артур Саргсян кездешет.

Турнирдин байге фонду — 20 миллион рубль.

Эң көп окулган жаңылыктар