21:41
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

УКМК: Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупциялык схеманы түзүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

«Токмоктогу жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. Урмат Самаев каршы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголду», — дейт УКМК.

Урмат Самаев кечээ кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар