03:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жайнамазыңарды көтөрө келгиле. Муфтият мечиттердин иштөө шартын жарыялады

Кыргызстан мусулмандырынын дин башкармалыгы диний уюмдардын иштерине коронавирусту алдын алуу талаптарын иштеп чыкты. Бул тууралуу муфтияттын пресс-кызматкери.

Анын айтмында, мечиттерге бир гана бет кап кийип келүүгө болот. Кирип жатканда баарынын дене табы текшерилет.

«Мечитке келгендер кеминде 1,5 чарчы аралыкты сактоосу керек. Кучакташып учурашууга жана кол алышууга тыюу салынат, ал эми дааратканада санитардык, өздүк гигиена нормаларын сактоосу абзел. Жаш балдарга жана оорулууларга мечитке келүү сунушталбайт», — дейт муфтияттын пресс-кызматкери.

Намаз окууга келген жарандарга муфтият, өздүк жай намаз менен келүүнү аны менен катар мечитте 20 минутадан ашык кармалбоону сунуштайт.

Эске сала кетсек, Республикалык штаб мечиттерди жана чиркөөлөрдү 8-июндан тартып ачууга уруксат берген.

Эң көп окулган жаңылыктар