23:56
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

Жанар Акаев: Коррупцияны айтып чыккандардын өзүн камаган туура эмес

«Каржы пирамидасын түзүп, элди алдаган шылуундар сөзсүз жазаланыш керек», — деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев.

Эл өкүлү Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловго карата козголгон кылмыш ишине токтолду. Ал бул иш каржы пирамидасын себеп кылып саясый атаандаштарга күрөш жүрүп жатканын белгиледи.

«Сот иши улам жылдырып, болбой жатыптыр. Кечээ депутат Балбак Түлөбаев дагы айтып кетти. Айыпталуучуларга каршы бир дагы далили жок. Ала-Бука менен Өзгөндөн арыздар түшүптүр. Чек арадан жашаган жаш, мекенчил адамдарды колдош керек кайра. Ал контрабанда менен күрөшкөн, мыйзамсыз менчиктелген мамлекеттик мүлктү кайра кайтаруу маселесин көтөргөн жигит. Коррупцияны айтып чыккан кишилердин өздөрүн камап койгон туура эмес», — деди ал.

Жыйында депутат Чыңгыз Ажибаев Бекжан Жалилов менен байланыштырган «Ок платформа» каржы пирамидасынын түзүүчүлөрүн жазалоону талап кылды.

Белгилей кетсек, кечээ жыйында Балбак Түлөбаев менен Шайырбек Ташиев дагы бул ишке токтолушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар