21:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан «Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто жеңип чыкты

2021-жылдын 8-октябрында Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы иши боюнча Жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылгандыгын министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдайт.

Чечимге ылайык, доогердин $298 миллионөлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, Кыргызстанга инвестиция кылууда доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган.

Маалымдасак, доогер, Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда республика доогердин инвестициясын «БиМоКом» ЖЧКга (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат. Аталган чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Бул маанилүү жеңиш министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасы тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн — Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша орун алды.

Эң көп окулган жаңылыктар