Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды кечирип, бошотууну суранат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Тазабек Икрамов камакта олтургандардын күнөөсү жоктугун белгилейт.
«Бийликтин душмандары башкалар. Орозо айында сооп иштерди жасоого шашылыңыздар. Алар түрмөдө олтуруп мамлекетке пайдасы тийбесе дагы жакындарына керек», — дейт депутат.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ичинен Клара Сооронкулованын саламаттыгы начарлап кеткени айтылууда.