20:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Mega компаниясынын мурдакы жетекчилеринин дагы бирөө кармалды

«Альфа Телеком» уюлдук компаниясынын мурдакы жетекчилеринин дагы бирөө кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Компанияга жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси Б.Д. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалды.

Мекеменин билдирүүсүндө, ал тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алган. Келтирилген зыян 20 миллион сомго баланууда.

Буга чейин компаниянын дагы бир мурдакы жетекчиси кармалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар