19:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сауд Аравиясы Кыргызстанга $500 миңге медициналык жабдуу берет

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн элчини «Данакер» ордени менен сыйлады.

Ал эми дипломат Сауд Аравиясы жакынкы аралыкта кыргыз өкмөтүнө жардам катары болжол менен $500 миңге медициналык жабдуу өткөрүп берерин айтты.

Ошондой эле ал эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, бул алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.

Андан соң Жапаров Сауд Аравияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы мезгилде Сауд Аравиясында эки мамлекеттин бизнес форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү тууралуу макулдашканы белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар