01:13
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Соттук- медициналык экспертиза боюнча мыйзам долбоорун артка кайратуу сунушталды

Бишкекте «Сот экспертизасынын теория жана практикасынын актуалдуу суроолору» аталышындагы биринчи илимий -практикалык конференциясы өттү. Бул тууралуу Сот эксперттеринин палатасы жана ИИМдин криминалдык кызматынын ветерандарынын кеңеши билдирди.

Конференцияга 50дөй өкүлүнүн өкүлдөрү катышты. Анда сот экспертизасынын азыркы абалы жана анын мындан аркы өнүгүү жолу, мамлекеттик эмес сот-экспертизасынын иши жана башка бул тармактагы маселелер талкууланды.

Жыйын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, анда «Соттук- медициналык экспертиза жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарууну суранышты.

Эң көп окулган жаңылыктар