«Бай түшүм» банкынын 51 пайыз акциясын Жумабек Салымбеков сатып алды. Бул тууралуу Tazabek жазды.
Маалыматка караганда, эртең расмий билдирүү болот.
Банктын негиздөөчүсү катары ACDI/VOCA компаниясынын мураскери «БТ Инновэйшнс» финансалык фонду эсептелинет.
Жумабек Салымбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу.

