17:20
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Тажик оппозициячылары Берлинде нааразылык акциясын өткөрүштү

Берлиндеги тажик оппозициячыларынын тобу президент Эмомали Рахмондун Европага ыктымал сапарынын алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Акция 25-мартта Бундестаг имаратынын (Германиянын парламенти) алдында өттү. Катышуучулардын арасында тоолуу бадахшандык 30дай жаран да болду.

Нааразы топ Германия өкмөтүн жана башка Европа өлкөлөрүн Эмомали Рахмонду кабыл албоого үндөдү. Алардын пикиринде, тажик президенти бул сапарды өзүнүн авторитардык башкаруусунун эл аралык колдоосу катары пайдаланып жатат.

Тажикстан президенти 21-мартта БУУнун Суу конференциясына катышуу үчүн АКШга барган. Төрт оппозициячыл топту бириктирген Улуттук альянс Эмомали Рахмон Европага 29-мартта келерин кабарлады. Тажикстандын расмий түзүмдөрү Рахмондун Европага «саякатын» тастыктай элек.

Улуттук альянстын башчысы Мухиддин Кабири америкалык жана европалык өкүлдөр Эмомали Рахмон расмий түрдө чакыруу албаганын, ал коммерциялык уюмдардын жолугушуусуна катышуу үчүн келерин билдиришкенин айтты.

«Европалыктар, америкалыктар, эркин мамлкеттер чын-чынында Тажикстанды бир үй-бүлөнүн диктатордун бийлиги башкарып жатканын билишпейт. Алар Тажикстан түрмөлөрүндө саясий туткундар бар экенинен кабарсыз», — деди Кабири.

Акциянын катышуучулары Бадахшандагы окуяларды, саясий жана жарандык активисттердин кармалышын, журналисттер менен блогерлердин узак мөөнөткө соттолушун Тажикстандагы авторитардык режимдин далили катары белгилешти.

Адатта Тажикстан бийлиги бул өңүттөгү акцияларга реакция жасабайт.

Эң көп окулган жаңылыктар