21:20
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Президент Эмил Жамгырчиев ким менен сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты

Президент Садыр Жапаров депутат Эмил Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештен качканы боюнча комментарий берди. Ал бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы окуядан кабардар экенин билдирди. Садыр Жапаровго берилген маалыматка караганда, эл өкүлү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын бузуп өткөн.

«Ал Салимбай байбача аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайы кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун», — деп билдирди президент.

Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» каралган кылмышка шектелүүдө. Парламент аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзбек кримтөбөлү Салимбай менен жолукканын билдирген. Бирок атайын кызматтын башчысы Жамгырчиев камакка алынбай турганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар