18:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды ташып чыгууга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматта чечим ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталгандыгы айтылат. Ага ылайык баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларына Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга болбойт.

Чектөө алты айга киргизилди.



Эң көп окулган жаңылыктар